Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москва 1200 туткунду айырбаштоону макулдашканын билдирди. “Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, украин лидери бул Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын бири болгонун айтты.
“Негизги маселелердин бири – согуш туткундарын алмашуу. Азырынча 1200 адамды алмаштыруу боюнча келишим бар. Тизмени тактоо иштери уланууда”, – деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.
Владимир Зеленский кабарлагандай, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери 5857 украин жаранын алмашуу жолу менен, 555 адамды андан сырткары кайтарып берген. Киев менен Москванын Стамбул келишимдеринин алкагында миңден ашык украин аскери бошотулган.
Орусия менен Украина 23-июлда Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрдү. Анда аскердик туткундардан сырткары эки тарапта кармалып турган жайкын тургундарды да алмашуу жөнүндө сөз болду. (ErN)
Шерине