Өзбекстанда парламенттин жогорку палатасы чет жакта үч айдан узак убакыт жүрүп келген өзбек жарандарын жана чет элдиктерди, жарандыгы жокторду ВИЧ вирусуна текшертүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
ВИЧ (Адамдын иммундук жетишсиздик вирусу) бар же жогун милдеттүү түрдө аныктоо үчүн өлкөнүн сыртта 90 күндөн ашык жүрүп келген 18-60 жаштагы жарандары, чет элдиктер, Өзбекстанда туруктуу жашап жаткан жарандыгы жок адамдар, эмгек миграциясына келгендер текшерилет.
Анализинен ВИЧ же кургак учук чыккан чет элдик эмгек мигранттары Өзбекстандын аймагына киргизилбейт.
Парламентте талкуу жүрүп жаткан кезде айтылган маалыматка караганда, былтыр узак убакыттан кийин чет жактан кайтып келген 1,7 миллион кишинин 434 миңи (25%) өз каалоосу менен ВИЧке текшерилген. Алардын 1512синен бул вирус табылган. Текшерилген 12,7 миң чет элдиктин 81инин да анализи таза эмес болгон.
Мыйзам күчүнө кирсе өзбек жарандарын чет жакка жумушка жөнөтүп жаткан менчик агенттиктер аларды бараткан өлкөдө өзүн туура алып жүрүүнүн эрежелерине үйрөтүүгө милдеттүү болот. Лицензия ошого жараша берилет. (RK)
Шерине