Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:39

Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент чыгарылды


Баткен мамлекеттик университети.
Баткен мамлекеттик университети.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган.

• Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;

• Кызыл-Кыя «М.М.Тайиров» атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;

• Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;

• «А.А.Машрабов» атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;

• БатМУнун алдындагы көп тармактуу коллеж – 234;

• БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация коллежи – 14.

Буга чейин Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 13 295, Ысык-Көл облусундагы ЖОЖдордон 941, Кыргыз улуттук университетинен 2700дөн ашуун, И.Раззаков атындагы техникалык университеттен 153, Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылган. "Жел эсептеги" миңдеген студенттер сабакка катышпаган же академиялык карызы бар деп аныкталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG