Кыргызстандын Санарип кодекси кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алгачкы жолу Санарип кодекси кабыл алынды. Быйыл январда Жогорку Кеңеш бекиткен кодекске президент Садыр Жапаров кол койгонун 4-августта анын маалымат кызматы кабарлады.

Кодекстин максаты санарип мейкиндикте адам укугун жана эркиндигин коргоо, санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарт, инвесторлорго жагымдуу түзүү экени белгиленди.

Бул кодекстин ичинде санарип тармактагы (санарип экономика, электрондук коммерция, жеке маалыматтарды коргоо, маалыматтык коопсуздук ж.б.) бардык мыйзамдар жана ченемдик актылар системага келтирилери маалымдалган.

Кодекс жарым жылдан кийин иштей баштайт.

Соңку жылдары бардык тармактарда санарипке өтүү аракети көрүлүүдө. Санарип технологиялар катардагы жарандардын күнүмдүк турмушунда да кеңири колдонулуп жатат, жеке документтеринин, маалыматтарынын баары мамлекеттик органдарда санарип форматта сакталууда. (RK)

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайга кабыл алуунун кезектеги туру башталдыАКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза мөөнөтү боюнча эскертме маалымат жарыялады"Визанын мөөнөтү I-94 формасында көрсөтүлөт". АКШ бийлигинин эскертүүсүТрамп: Путин менен сүйлөшүү ок атышууну токтотууга алып келген жок