Ош мэри "Келечек" базары башка жерге азыркыдай калыбында көчүрүлөрүн айтты

Ошто "Келечек" базарындагы соода орундары кандай турса, ошол бойдон жаңы жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн 4-августта соодагерлер менен жолугушууда мэр Жеңишбек Токторбаев билдирди. Анын айтымында, көрүнүшү жакшыраак болушу үчүн базардын кире бериши жаңы курулат, ичи азыркыдай тартипте жайгаштырылат:

"Үч ай мурда "Жибек жолу" базарын куруп, көчкүлө дедик эле. Ага көнбөдүңөр. Эми көндүңөр. Жаңы базар курулат. Силердин контейнерлерди көчүрүп алып келебиз. Алдына бир катар капиталдык курулуш тургузуп, артына силердин контейнерлерди коюп кетебиз. Азыр кандай турса, ошондой кылып коёбуз, анткени эртең дагы мушташасыңар. Бул муниципалдык базар болот, мэрияга жер акысын жана патент төлөйсүңөр".

Былтыр Ак-Бууранын боюндагы борбордук базарды катуу сел каптагандан кийин шаардын сыртына жаңы базар курула баштаган. Быйыл ал салынып бүтүп, калаадагы негизги базардын соодагерлери көчүрүлүп барган.

Мэрия шаардагы андан башка базарлар да 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлө баштай турганын билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

"Келечектин" соодагерлери каршы чыгып, бир нече ирет нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрүн убагында мыйзамдуу жол менен сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен.

Мэр Токторбаев президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Келечек" базарынын соодагерлеринин арызданууларын, кайрылууларын уккандан кийин ага "тапшырма бергенин", аларды "капа кылба" деп айтканын 4-августтагы жолугушууда айтты. (RK)

Дагы караңыз

"Крокустагы" кол салуу боюнча соттук териштирүү башталуудаОрусияда тил билбеген мигранттарды тейлөө тармагында жумушка албоо сунушталды"Коңшубуз менен эми таанышып жатабыз". Кыргызстан-Өзбекстан ортосунда туристтик агым көбөйдү Йеменде мигранттар бараткан кайык оодарылып, 68 киши каза тапты