Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймагына мыйзамсыз салынып калган имарат жайлар буздурулуп жатат. Бул тууралуу 4-августта шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган видео маалыматта жашыл корук аймагына салынып, азыр алынып жаткан курулуштар арасында саясатчыларга, мурдагы жетекчилерге таандык жайлар бар экени айтылган:
“Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун “Байсан” рестораны, АКШдагы мурдагы элчи Бактыбек Аманбаев менен бир тууганы Урмат Аманбаевага таандык кафе жана эс алуучу жай. Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, экс-төрага Асылбек Жээнбековго таандык делген имарат. Корук зонасы, бирок ага карабастан мыйзам бузуу болуп убагында менчиктештирилип, жеке тараптардын колуна кандайдыр бир жол менен өтүп кеткен. Азыр Ош мэринин чечкиндүү кадамдары менен бул жерлерди кайтарып алуу аракети жүрүп жатат”, - деп айтылат видеодо.
Мэриянын маалыматына караганда, эрежеде каралган чектен өтүп курулган имараттарды алуу тууралуу эскертүү мурда да берилген, бирок аткарылбай келген, корук аймагына караштуу жер тилкелери менчиктештирилип, дарыя кысылып, каналдар тосулуп, жабылып, жок болуп кетүү коркунучуна кептелген.
“Кафе-ресторан, соода түйүндөрү, даараткана, тооккана, малкана салынган жерлер” бошотулуп жатканын маалымдаган мэрия буздуруу иштерин шаардын муниципалдык менчик башкармалыгы жүргүзүп жатканын кабарлады.
Шаар администрациясынын жогорудагы маалыматында аты аталган адамдар же алардын өкүлдөрү бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Мэрия курулуштар “эскертүүнүн негизинде, ээлеринин макулдугу менен” буздурулуп жатканын билдирди.
Ош шаарын аралап өткөн жети канал, бир Ак-Буура дарыясы бар. Былтыр июль айында нөшөр жаандан улам Ак-Бууранын суусу тегеректеги айрым жерлерди каптап, адам өлүмү катталган. (RK)