"Жашоого ыңгайсыз шаар болуп калды". Бишкектин көйгөйлөрү чечилеби?

Бишкек шаары. Айтматов көчөсү

Баш калаа Бишкектин калкы улам көбөйүп, шаар тездик менен өсүүдө. Кабат-кабат көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканы менен ошого ылайык инфраструктура түзүлбөй калууда дейт айрым урбанисттер. Мындай абал мектеп, оорукана, бала бакчалардагы, суу жана башка көйгөйлөрдөн ачык көрүнөт.

Бишкек жашоого абдан ыңгайсыз шаар болуп баратканын калаа тургундары көп айта баштады. Быйыл шаардын мектептери менен бала бакчаларында кабыл алуу көйгөйү өзгөчө курчуп турат. Бишкекке агылган жарандардын саны өсүп, калктын жыштыгы арткан сайын социалдык жана инженердик-коммуникациялык инфратүзүм көйгөйү курчуп барат. Мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги, жолдогу тыгындар, суунун тартыштыгы сыяктуу маселелер Бишкектин баш оорусу бойдон калууда.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Бишкек союз маалындагы эсеп-чоттор, ой жүгүртүүлөр менен курулган шаар болгондуктан, азыр иш жүзүндө 1,5 миллиондон ашкан калктын жүгүн көтөрө албай баратканын моюндашат. Ички миграциянын толкуну менен элеттен Бишкекке оогон калктын агымын токтотуу зарылдыгын айтышат. Муну менен катар шаарды өнүктүрүүгө жаңычыл чечимдер керектигин белгилешет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов буга чейинки башкы планда оош-кыйыштуу жагдайлар көп болгонун, аны оңдоого жергиликтүү депутаттардын шайы келбегенин айтат.

“2006-жылдан 2025-жылга чейин деген башкы планыбыз бар. Башкы пландын мөөнөтү өтүп бүттү, жаңысы Министрлер кабинети тарабынан быйыл бекитилиши керек. Башкы план деген татаал нерсе. Анын ичинде кээ бир кварталдарды “аралаш курулуш” дегени бар. Көп кабаттуу турак жайларды да курса болот, башка социалдык имараттарды да курса болот деген багыт менен бекитилип калган жерлери бар. Ошону менен кеткен. Так, даана жазылган эмес. Мисалы, бул жерге бир гана турак жай курулушу керек, бул жерге социалдык объект курулуш керек деген жок, башкы планда кененирээк тандоо берилип калган документ экен чындыгында. Ошон үчүн биз, шаардык кеңеш ПДП (деталдуу поандоо долбоору) бекиткенбиз. Бирок, ПДПны сотко берип атып кайра жокко чыгарышпадыбы”.

Бишкектин башкы планы 2006-жылы бекитилгенде Сокулук, Аламүдүн райондорунун бир топ жерлерин шаардын аймагына каратуу тапшырмасы да берилген. Ал аймактарды Бишкек шаардаштырып, инфратүзүмдүк курулуштарды жасап бармак.

Ал мүдөө 25 жыл бою аткарылбай келип, былтыр административдик-аймактык реформанын шаңы менен гана ишке ашып отурат.

Учурда шаардын 2050-жылга чейинки өнүгүүсүн камтыган жаңы башкы планы даярдалып жатат. Аны даярдоого жапон адистери тартылган. Шаар бийлиги азыркы башкы план ушул жылдын аягына чейин иштерин, жаңысы ага чейин бекитилерин билдирүүдө.

Дагы караңыз Садыр Жапаров Жер кодексин өзгөртүү мыйзамына кол койду

Мектеп, бала бакчалар 2,5 эсе ашык жүк менен иштеп жатат

Расмий эсептер боюнча, 2025-жылдын башына карата Бишкекте 1,4 млн киши туруктуу жашайт. Калктын саны соңку он жыл ичинде 500 миңге көбөйдү. Буга жараша шаардын инфраструктуралык шарттарга болгон талабы өсүп, турак жай, мектеп, бала бакча, оорукана, суу, жарык, канализация, тазалык, жол, тейлөө, жадагалса таза аба маселелери улам курчуп келет.

Мамлекет тургундардын турак жайга болгону суроо-талабын канааттандыруу үчүн ипотекалык үйлөрдү курууну кескин көбөйтүүдө. 2021-жылдан бери он миңдеген батирлер курулуп, тураксыз калк өз үйүнө ээ болууда. Бул жакшы жөрөлгө болгону менен, инфраструктуралык шарттардын ошого жараша жетишпей, шаардыктардын турмушу улам чиеленип, ыңгайсыздык улам күчөп баратканы көрүнүп турат.

Мектеп окуучулары менен бала бакча тарбиялануучуларынын саны жыл сайын 5-7% өсүп келсе, 2024-жылы кескин 20-22% көбөйгөн. Мындай секирик административдик-аймактык реформанын алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондорунун бир катар аймактарынын Бишкекке кошулушу менен да түшүндүрүлөт.

Соңку үч жылда шаарда 7 мектеп жана 15 кошумча окуу имараттары курулган. Буга карабай, демографиялык өсүүгө жана ички миграциянын күргүштөгөн агымына байланыштуу мектеп жетишсиздиги дагы деле курч бойдон калып турат. Окуучулардын ашкере жыштыгы жаңы конуштардагы, шаардын көп кабаттуу үйлөр көп борбор тарабындагы жана ири базарлардын жанындагы мектептерге мүнөздүү көйгөй. Учурда 103 миң орунга эсептелген мектептерде 239 миң бала билим алууда – бул долбоордук мүмкүнчүлүктөн 233% көп.

Өнүктүрүү программасындагы маалыматтарга таянсак, учурда Бишкекте 19 730 балага ылайыкталган 118 бала бакчада 37 533 бала тарбияланат. Бул бала бакчалар эсептелген нормадан 190% ашыкча жүк менен иштеп жатат дегенди билдирет. Ал аз келгенсип, 2025-жылдын апрелине карата электрондук каттоодо дагы 35 198 бала кезек күтүп турат. Мындай алганда, мектепке чейинки билим берүү менен шаардагы балдардын 27% гана камтылган.

Шаар куруучу адистер Бишкектин калаа катары өсүүсү башкы пландын чегинен алдакачан чыгып кеткенин, деталдуу пландоо долбоору, куруу долбоору деген эсеп-чоттуу документтер такыр эске алынбай калганын зар какшап айтып келишет. Калктын өсүү темпи, ага жараша инфратүзүмдүк шарттар кылдат эсептелбей, мэр же анын үстүндө турган жетекчилердин саясий эрки менен туш келди кура бергендин айынан Бишкек зор чыңалууга тушукканын эскертишет.

Мамкурулуш агенттигинин мурунку жетекчиси, архитектор Ишенбай Кадырбеков Бишкектеги инфратүзүмдүк көйгөйдүн канчалык курч экенин бир кездери ар тараптуу пландоо менен башталып, кийин чаржайыт курулуп кеткен Жал кичирайонунун мисалында айтып берүүдө.

Ишенбай Кадырбеков

“Ошо курулган кишилердин маселеси эмне болот, балдары каякка бала бакчага барат? Кайсы мектепке барып окуйт? Поликлиникалар да ошончолук өсүшү керек да. Ошонун баары эсеби болушу керек да. Эсеби башкы планда, ПДПда, куруу долбоорунда бар, бирок аны бузганы үчүн ушундай башаламан болуп кетип атпайбы. Мына, ошол жактагы эл ооруп калса кайда барат? Балдарды кайдагы мектепке алып барат? Норма боюнча балдарды бала бакчага алып барыш үчүн жашаган жеринен 200 метрден ашпашы керек. 500-800 метрде мектеп болуш керек. Азыр кандай болуп калды? Мектепти, бала бакчаны курган кишилер жок. Жакшы дагы менчик бала бакчалар пайда болуп, бул маселени чала-була болсо да чечип атат. А мектепти анткен жок да. Поликлиникалар өскөн жок да. Мына, бир эле мисалды айтып атам. Ошондой бардык кичи райондордо болуп атат да. Мурда түрмө болгон жерге килейген кичирайон куруп койдук. Алардын социалдык инфраструктурасы кайда жоголот? Алардын инженердик инфраструктурасы жетеби-жетпейби? Эгерде жетсе, тегерегиндегилерге жетпей калат. Суу, канализация жетпей калат. Ошондуктан, кандай мэрия болбосун, шаар куруу документациялардын негизинде гана, адистер эсептеп чыккан документтин негизинде гана курулуштарга уруксат берчү болсо, ошондо гана Бишкек шаарынын келечеги болот. А биз аны караган жокпуз да”.

Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планы.

“Башкы план 10% гана аткарылды, шаар чаржайыт курулууда”

Шаар мэри Айбек Жунушалиев жакында шаар кыдырып жүрүп, “быйыл Бишкекте ичүүчү суу көйгөйү жоктугун, өткөн жылдардагыдай чыңалган кырдаал кайталанбай турганын” билдирди.

Шаарды ичүүчү суу менен камсыздаган 37 суу кампасы бар. Жаңы кошулган калктуу конуштарда 65 чоң-кичине суу чогултуучу көлмөлөр болсо, алардын көпчүлүгү химиялык жана бактериологиялык көрсөткүчтөр боюнча санитардык нормаларга төп келбейт деп айтылат программанын долбоорунда.

Бишкек жылына 80 млн куб метр ичүүчү суу керектейт. Сууну калкка жеткирүү үчүн 1533 чакырым түтүк иштейт. Калдык суулар 762 чакырымдык канализациялык түтүктөр аркылуу агып чыгат. Жалпы тутумдардын 80% жакыны 40 жылдан бери иштеп келет. Жыл сайын болгону 10-15 чакырым суу түтүгү менен бир чакырымга чейин канализациялык тутум алмашылат. 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорундагы маалыматтарга таянсак, шаарда 500 чакырым суу түтүгү менен 230 чакырым канализациясын алмаштыруу зарыл.

Калктын башаламан көбөйүүсүнөн улам ичүүчү суу, канализация тармактарына өзгөчө күч келип, өз алдынча, ашар жолу менен курулган тутумдар көбөйгөн. Мындай көйгөй 2023-жылы шаарда ичүүчү суу тартыштыгы жарылып чыкканда көп айтылды.

Урбанист Айгүл Насирдинова Бишкек шаарын башкаруу илимий негизделген долбоорлорсуз, терең ойлонулбаган тейде кетип баратканын айтат.

“Кулбатыров жасаган буга чейинки башкы планда “мынча миллион калкка эсеп бердик, мисалы, 1,5 млн болгондо суу жетпейт, энергия жетпейт” деген эсеп-чот берилген. “Инфраструктура мынчага өсүш керек, бул жерде жаңы курулуштар болушу үчүн мынча гектар резерв жер керек. Келечекте эки-үч спутник-шаар кургула” деп сунуш берген. Бирок, авторлордун өздөрүнүн айтканы боюнча, ал башкы пландын аткарылышы 10% ашпайт. Анткени, рыноктук экономика болуп калды да, а башкы план, кантсе да, советтик курал болчу. Жаңы конуштарды басып алышканда дароо эле, социалдык объектилери жок болуп салынган да. Эл жер алганда “бизге жер эле бергиле, бала бакчаңдын да кереги жок, суу менен электр энергиясын эле чыгарып бергиле, бүттү” деп айтышкан да. А биз миллион жолу айтканбыз “бул жерде социалка болбойт, жол куруш керек болот, тиги-бу болот” деп. Мындай жаңы конуштар 47 даана. Архитекторлор “ушул жерлерди бербегиле, силерге керек болот” деп атып, мектеп менен бала бакча үчүн жерлерди кармап калганга араң үлгүрүштү. Анан кана жеткени? Элүүдөй жаңы конуш болсо, мүмкүн 10 мектеп-бала бакча салынгандыр, башкасы жок да. Киши деген киши да, жер алгандан кийин алар “менин балам мыкты мектепте окушу керек” деп айтышат. Анан колунан келгендери мектеп издейт, келбегендери кайсы жагы болсо ошол жагына беришет. Түштүк-чыгыш пландоо районун көрүп жатасыңарбы? Ал жакта инфраструктура, мектеп, бала бакча деген жок. Калктын жыштыгы жогору”.

Oxford Economics уюмунун изилдөөсү боюнча, 2025-жылдагы "Шаарлардын дүйнөлүк индексинде" Бишкек 498-орунду алып, былтыркы көрсөткүчтөн 60 орунга артка кетти. 2024-жылдагы рейтингде 438-орунда турган.

Global Cities Index 2025

Мындай көрсөткүч менен Бишкек дүйнөдөгү 1000 шаардын арасында орто ченде турат. Индекс 5 көрсөткүч менен бааланган: экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана башкаруу.

Былтыркыга караганда экономикалык, адам капиталы жана жашоо сапаты боюнча абал бир кыйла начарлаган. Айлана-чөйрө жана башкаруу сапаты бир аз жакшырган.

КөрсөткүчтөрIndex-2025 алган ордуIndex-2024 алган орду
Жалпы рейтинг498438
Экономика477444
Адам капиталы207203
Жашоо сапаты667517
Айлана-чөйрө688710
Башкаруу841843


Рейтингге катышкан борборазиялык шаарлардан Алматы 258-орунда, Астана 276-орунда, Ташкент 471-орунда, Чымкент 534-орунда, Ашхабад 623-орунда, ал эми Дүйшөмбү 683-орунда турат.