Орус аскерлеринин 5-августка караган түнкү соккусунан Украинанын Харьков облусунун Лозовая шаарында көп кабаттуу үйлөр, эң зарыл инфраструктура зыянга учураганын калаа башчысы Сергей Зеленский билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын арасында эки бала бар.
"Лозовая согуш башталгандан берки эң чоң чабуулду башынан өткөрдү. Куткаруучулар, дарыгерлер иштеп жатышат. Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирип жатабыз. Шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз отурат", - деди ал.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өткөн түнү бул шаарды көздөй Орусиядан согуштук дрондор учуп баратканын эскерткен.
Жалпысынан 5-августтун түнүндө Орусия Украинанын аймагын 46 "Шахед" жана башка дрондор, "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен бутага алганы, учкучсуз учактар Курск, Брянск, Орел жана Приморско-Ахтарск аймактарынан, ракета Брянскиден учурулганы маалымдалды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы тараткан сүрөттөрдөн Лозовая шаарынын темир жол инфраструктурасы, вагондор, вокзалынын имараты талкаланганын көрүүгө болот. Мекеменин маалыматына караганда, алты жерде өрт тутанды.
Соңку кабарлар боюнча, жалпысынан 10 киши жабыркады, бир кишинин өмүрү кыйылды.
Орусия адатта Украинага жасалган чабуулдары боюнча маалымат бербейт. Эки өлкө ортосундагы согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат. (RK)