Кишинёв соту Молдованын курамындагы Гагаузия автономдук аймагынын жетекчиси Евгения Гуцулду "Шор" партиясын мыйзамсыз каржылоо иши боюнча жети жылга абакка кести. Молдованын бийлиги бул партияны орусиячыл деп таанып, 2023-жылы мыйзамсыз уюм деп тапкан. Соттун чечими тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун молдован кызматы кабарлады.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Гуцул 2019-2022-жылдары "Шор" партиясынын катчысы болуп турганда Орусиядан Молдовага такай акча ташып турган. Мындан сырткары ал "уюшкан кылмыштуу топтордон акча алып туруу максатында" партиянын бир нече кеңсесинин ишин координациялаган деп айыпталды.
Соттогу акыркы сөзүндө Гуцул өзүн актоону суранып, "Молдовага бир да лей алып кирбегенин" айтып, 16 жана үч жаштагы эки баласы бардыгын эске алууну соттон өтүндү.
Анын адвокаты шектүүнүн кичүү баласы сегизге чыккыча абакта жаза өтөө мөөнөтүн жылдырып турууга мыйзам жол берерин белгиледи.
Сот ошондой эле Гуцулга "Шор" партиясын мыйзамсыз каржылоого кеткен 40 млн лейди мамлекетке кайтарууга милдеттендирди. Партиянын дагы бир катчысы Светлана Попан мыйзамсыз каржылоого катышканы үчүн алты жылга кесилди.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Гагаузиянын жетекчисине чыккан сот өкүмүн "саясий жүйөсү бар чечим" деп баалады. "Шайлоо өнөктүгү алдында саясий оппоненттерге ачык эле басым-кысым көрсөтүүнүн айкын мисалы", - деди Песков.
Гагаузия – Молдованын түштүгүндөгү орус тилдүүлөр басымдуулук кылган автономдуу областы. Аймакта 130 миңдей киши жашайт. 2023-жылы Гуцул "Шор" партиясынан аймактын жетекчисин шайлоого катышып, жеңип чыккан. Кийин Молдованын бийлиги партияны мыйзамсыз деп тапкан.
2024-жылы Евробиримдик Гуцулду Гагаузияда "жикчилдикти жайылтканы", "Орусия менен тыгыз байланышы", "конституциялык түзүмдү кулатуу аракети" жана "Молдованын суверенитети жана көз карансыздыгына коркунуч жаратканы" үчүн "кара тизмеге" киргизген.
2025-жылы мартта кармалгандан кийин Гуцул Орусиянын президенти Владимир Путинден Молдованын бийлигине таасир этүү үчүн "бардык дипломатиялык, саясий жана укуктук механизмдерди колдонууну" суранган.