Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

"Хочу жить": Орусиянын кыргыз жарандарын согушка тартуусу кооптуу болуп турат


Орус армиясынын жоокерлери
Орус армиясынын жоокерлери

Орусиянын Кыргызстандын жарандарын согушка тартуусу кооптуу болуп турганын 5-августта Украинанын Аскер туткундары боюнча маселелерди координациялоо штабынын "Хочу жить" мамлекеттик долбоору билдирди.

Долбоордун маалыматына караганда, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргыз жарандарынын саны кеминде 327ге жетти.

"Чыныгы сан мындан да көп чыгар, анткени тизмеге Кыргызстандын жарандары гана кирди, орус жарандыгы бар кыргызстандыктар кирген жок", - деп жазды "Хочу жить".

Быйыл апрель айында жарыяланган тизмеде согушка 2023-2024-жылдары тартылган жалпы кыргызстандык 360 жалданма аскер тууралуу маалымат кирген.

Долбоор "Республиканын өзүндө орусиялык жалдоочулардын кыргызстандыктарды согушка жөнөтүп, канчалык көйгөй жаратып жатканын түшүнүп турушат. Мисалы, быйыл апрелде Ошто азгырып жалдоо менен алектенген төрт киши кармалган, алардын арасында бул шаардагы "Орус үйүнүн" кызматкери да болгон. Аларды тергөө абагынан үй камагына чыгарышканы менен кылмыш ишин тергөө уланууда" деп жазды.

Кыргызстан мындай көйгөйдүн алдында алсыз экенин, себеби 450 миңдей жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнүн белгилеген "Хочу жить" рейддер учурунда кармалгандары орус полициясынын түрдүү кысымына кабыларын, депортация же түрмө менен коркутканда же орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүүнү убада кылганда айласыз макул болуп, кан майдандын алдыңкы катарына жөнөтүлөрүн кошумчалады.

"Колониалдык империя болгондуктан Орусия коңшуларынын адамдык ресурсун жалмап бүтмөйүнчө жаны тынбайт. Орустар каршылык көрмөйүнчө кыргыздарды акча берип, өлүмгө айдай берет. Бул өзүнөн өзү токтоп калбайт. Кыргызстандын жетекчилигинде өз жарандарын коргоого, Орусиянын аларды өз максатында пайдалануусуна жол бербөөгө даанышмандыгы жана саясий эрки жетет деп үмүттөнөбүз", - деп жазылды украин долбоорунун Телеграм каналында.

Буга чейин долбоор Орусия Украинага каршы согушуна айдаган казакстандыктардын жана өзбекстандыктардын тизмесин жарыялаган.

Орус аскерлеринин катарында Украинага каршы согушуп жүргөн борборазиялыктардын саны он миңдеп саналышы ыктымал экени айтылууда. Украина орус бийлиги аларды адатта жөө аскерлердин алдыңкы катарына коёрун белгилейт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG