Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Эпштейндин иши: Билл Клинтон менен ФБРдин экс-башчылары көрсөтмө берүүгө чакырылды


Билл жана Хиллари Клинтондор.
Билл жана Хиллари Клинтондор.

Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин башчысы Жеймс Комер финансист Жеффри Эпштейндин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн мурунку президент Билл Клинтонду, анын жубайы, экс-мамкатчы Хиллари Клинтонду жана ФБРдин (Федералдык чалгын бюросу) мурдагы директорлору Жеймс Коми менен Роберт Мюллер баштаган мурунку жогорку даражалуу аткаминерлерди чакырды.

Эпштейнди сексуалдык эксплуатация үчүн адамдарды сатууга айыпташкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жашы жете электердин кызматын көрүп, аларды таасирдүү адамдарга берип турган. 2019-жылы финансистти камакка алышкан, бир ай өткөндөн кийин Эпштейн камерада өзүн өлтүрүп алган.

Комер Конгресс федералдык өкмөт сексуалдык кылмыштар жөнүндө мыйзамдарды кантип колдонорун көзөмөлдөөгө жана Эпштейндин иши боюнча тергөөнүн жүрүшүн текшерүүгө милдеттүү экенин белгилеген. Ал АКШнын Юстиция министрлиги иш боюнча толук жана редакцияланбаган материалдарды 19-августка чейин жарыялоону талап кылууда.

2025-жылдын июлунда АКШнын Юстиция министрлиги жаңы документтерди жарыялоону пландабаганын билдирип, Эпштейндин кардарларынын тизмеси болбогонун жана анын өлүмү чындыгында өзүн-өзү өлтүрүү болгонун белгилеген. Бул жарыяланбаган материалдардын арасында Эпштейндин президент Дональд Трамп менен байланышы тууралуу компромат болушу мүмкүн деп эсептеген демократтардын катуу сынын жараткан.

Документтерди толук жарыялоону айрым республикачылар да колдоодо, арасында Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон менен мурунку вице-президент Майк Пенс да бар.

Трамп өзү 2024-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында эгерде президент болуп калса, иш боюнча кошумча материалдарды ачыктоо убадасын берген.

Бир канча күн мурун Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен ФБР Эпштейндин иши боюнча материалдарды редакциялап, алардан АКШ президенти Дональд Трамптын жана башка белгилүү кишилердин ысымдарын алып салганын кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG