Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

"Шератондогу окуя": Экспертиза жабыркагандардын алган залакасы жеңил деген тыянак чыгарды


Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.
Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.

Бишкекте бийчи Жан Воиновдун, анын жакындарынын зомбулугуна кабылганын айтып милицияга кайрылгандардын арызы боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу 5-августта "Азаттыкка" Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын алган залакасы "ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келбеген жеңил зыян" деп мүнөздөлдү.

Экспертиза Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" жана "Тоноо" беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иши алкагында жүргүзүлдү. Тергөө уланууда.

Окуя быйыл Бишкектеги Sheraton мейманканасында 30-июнда болгон. Курбу кыздары менен эс алганы барып, зомбулукка кабылганын, алган залакасы оор экенин Бишкек шаарынын тургуну Алина Жакыпова 3-июлда социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгып, бул үчүн Жан Воиновду, анын аялын, кайнисин айыптап, видео далилдерин жарыялаган.

Жан Воинов алып баруучу Ассоль Молдокматованын жана мушкер машыктыруучу Александр Воиновдун уулу болгондуктан окуя коомчулукта кызуу талкуу жана резонанс жараткан. Кыз-келиндердин коопсуздугу, зордук-зомбулук маселеси көтөрүлгөн.

Бийчи өзү, анын эки жансакчысы жана кайниси Рустам Алмасов кармалганы маалымдалган. Воинов арыз жазгандардын биринин тосмо арызынын негизинде камактан өткөн аптада бошотулганы белгилүү болгон. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG