Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Казакстандагы экинчи, үчүнчү АЭСти Кытай курабы?


Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр экинчи, үчүнчү АЭСти кытайлык компания курушу мүмкүн экенин билдирди. Биринчисин Орусиянын мамлекеттик корпорациясы курмай болгон.

Скляр 31-июлда Кытай Казакстанда бир эле эмес, эки атомдук электрстанциясын курушу мүмкүн экенин жарыялады. Бирок ал кай жакта курулары азырынча аныктала элек.

— Азыр Атомдук энергетика боюнча агенттиктеги биздин кесиптештер жана "Казак атомдук электр станциялары" жоопкерчилиги чектелген коому жерди[болочоктогу АЭС жайгаша турган] тактап атышат. Станциянын жанында суу менен камсыздай турган туруктуу булак болушу керек. Электр энергиясын бере турган райондор такталышы керек. Иш жүрүп жатат. Менин оюмча, быйыл бул станциялар кайда жайгашарын жарыялашат. Тиешелүү макулдашуулар иштелип жатат. Бул жерде эч кандай сыр жок, — деди Скляр бейшемби күнү өкмөттө өткөн брифингде "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып.

Экинчи АЭСти куруу үчүн тандалган Кытай корпорациясы үчүнчү станцияны да курабы деген суроого аткаминер: «Менимче, ооба», - деп жооп берди.

Июнда казак бийлиги өлкөдөгү биринчи АЭСти Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы саларын билдирген. АЭС Алматы облусунун Жамбыл районундагы Балхаш көлүнүн жээгинде жайгашуусу ыктымал экени айтылган.

Роман Скляр биринчи атомдук станциянын курулушу өкмөттөр аралык келишимге ылайык каржыланарын кабарлады. Андагы шарттар, пайыздык чен тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Склярдын айтымында, курулуштун баасы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен сметасы аныкталгандан кийин белгилүү болот.

Астананын маалыматына караганда, экинчи атомдук станциянын курулушун бийлик Кытайдын CNNC компаниясына тапшырмакчы.

Курулушка талапкерлердин тизмесинде француз жана түштүк кореялык компаниялар да бар болчу, бирок казак бийлиги «Росатом» менен CNNC компаниясына токтолгон. Орусия менен Кытай Казакстандын маанилүү соода өнөктөшү, Борбор Азияда таасири чоң.

Астана өз чечимин экономикалык жана техникалык себептерге байлап, саясий өңүттү четке кагып жатат.

ЭКОНОМИКА ЖАНА ГЕОСАЯСАТ

Эмне үчүн Астана Кытайга дароо эки АЭСтин курулушун берүүнү көздөп жатат? Казакстандык саясат таануучу, "Тобокелдиктерди баалоо тобунун" директору Досым Сатпаев мында экономикалык фактор башкы ролду ойногонун, бирок геосаясий аспектиси бар экенин айтууда:

— Биринчиден, экономикага байланыштуу. Склярдын Кытайдын үчүнчү АЭСтин курулушуна катышуусуна байланыштуу билдирүүсү Орусия Казакстанда үч ЖЭБ (Жылуулук электр борбору) курбайт деген билдирүүгө иш жүзүндө дал келди. Бул да жогорку деңгээлдеги долбоор болгон. 2024-жылы Орусия Казакстанда үч ЖЭБди каржылап, курат деген келишимге кол коюлган. Бул сумма салыштырмалуу аз, болжол менен 2 миллиард доллар. Ири долбоорлор үчүн бул анчалык чоң сумма эмес. Бирок Орусия бул долбоорлорду каржылай албай турганы белгилүү болду. Орусиянын ЖЭБге байланыштуу каржылык көйгөйлөрү, Түркиядагы көйгөйлөр менен дал келди. Ал жерде «Росатомдун» түрк атомдук электр станциясын куруусуна байланыштуу маселе чыккан», - дейт Сатпаев.

Июлда Түркияда "Росатом" куруп жаткан "Аккую" АЭСинде жумушчулар нааразылык билдирип чыгышты. Алар көптөн бери айлык-акы бериле электигин айтып, маянаны берүүнү талап кылган. "Росатом" корпорациясы "дос эмес өлкөлөрдүн аракетинен улам" айлык бере албай жатканын билдирген. Бирок кайсы мамлекеттер экенин тактаган эмес.

Нааразылыкка чыккандарды таркатуу үчүн полиция суу жана атайын техника колдонду. "Росатом" АЭСтин курулушу уланарын, бирок реакторду ишке киргизүү убактысы жыларын билдирүүдө.

Түркиядагы "Аккую" АЭСинин курулушу 2018-жылы башталган. Ал үчүн 20 млрд доллар кетери айтылган.


— Биз Орусиянын өз милдеттенмелерин аткара албай жатканын көрүп турабыз. Биринчиден, финансылык милдеттенмелерин. Экинчиден, технологиялык маселе, жабдууларды жеткирүү жагынан... Акыркы бааны, бюджетти да эстен чыгарбайлы. Маселен, Казакстанда «Росатомдун» катышуусу менен биринчи АЭСтин курулушу боюнча ал жерде айтылган сан дээрлик 14 миллиард долларды түзгөн. Өкмөттүк деңгээлде бул көрсөткүч болжолдуу экенин айтышканы менен, техникалык-экономикалык негиздемеси тез арада кабыл алынышы керек. Бирок, негизи, алар бул цифрадан чыгышкан. Бул акча бюджеттен алынбайт, башка булактардан каржыланат деп ишендиришти. Бирок кандай болгон күндө да, биз көрүп тургандай, АЭСти курууга жумшалган сумма бир топ чоң.

Маалымат агенттиктери Кытай Казакстанда АЭС курууга 5-6 миллиард доллар сарптоого даяр экенин билдиргенин жазышты.

— Кытай кыска аралыкта курууну сунуштаган. Ал өзөктүк энергетика тармагында АКШ менен Франциядан озуп, лидерге айланып баратканын эске алуу керек. Кытайда 56 атомдук энергоблок иштеп жатат, 26сы курулууда. Орусиядан айырмаланып, Кытайда чет элдик долбоорлор азыраак. Кытай өзүнүн технологияларын жайылтуу үчүн тышкы рынокко чыгууга кызыкдар. Мындай учурда Казакстан Бээжин үчүн күчтүү пиардын, жарнаманын бир түрү. Албетте, геосаясий жактан бул Казакстандын Кытайга ого бетер байлайт, - дейт Сатпаев.

Анын баамында, АЭС долбоорлорун эки өлкөгө, Орусия менен Кытайга өткөрүп берүү Казакстандын улуттук коопсуздугу үчүн кооптуу. Украинадагы согуш мындай коркунучтар куралдуу кагылышуулар учурунда ишке ашырыларын көрсөттү. Орусия коңшу өлкөнүн энергетикалык объектилерине сокку уруп, Запорожье АЭСин көзөмөлгө алган.

— Менин оюмча, Казакстандын дээрлик бардык энергетикалык көз карандысыздыгын эки негизги оюнчуга өткөрүп бериши көрөгөч саясат эмес, — деп эсептейт эксперт. — Эми жетекчиликтин деңгээлинде долбоорлор Казакстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу деген сөздөр айтыла турганы анык. Бирок мунун баарын Орусия менен Кытайды АЭСке өнөктөш катары тартпастан эле гипотетикалык түрдө жасаса болмок. 30 жыл ичинде аны ишке ашыруу мүмкүн болчу. Өзүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ресурстары бар өлкө жетекчилиги "бизде энергия катуу тартыш" деп жар сала баштады. Тактап айтканда, электр энергиясы. Ошол эле учурда керектөөнү көбөйтө турган чечимдер кабыл алынууда (саатты алмаштыруу). Чынында, биз негизги оюнчуларды тартуу менен өзүбүзгө өзүбү көйгөй жаратып алдык. Бекер эч нерсе жок. Баарын төлөш керек, анын ичинде урпактарыбыз. Түшүнүп жатасызбы?

Атомдук электр станциясын куруу тууралуу талкуулар Казакстанда 2023-жылы өлкө жетекчилиги атомдук электр станциясын куруу экономиканын келечеги үчүн маанилүү экенин жар салгандан кийин башталган.

Буга каршы чыккандар АЭС курулса, экологияга терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен. Алар курулушка чет мамлекеттердин катышуусу өлкөнү саясий, экономикалык, энергетикалык көз карандылыкка кептейт деп чочулашкан.

2024-жылдын октябрында өткөн референдумда расмий маалымат боюнча “Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна макулсузбу?” деген суроого шайлоочулардын 71% ашыгы “ооба” деп жооп беришкен.

Президент Касым-Жомарт Токаев кийинчерээк бир эмес, үч станция куруларын жарыялаган. Токаев муну Казакстанга алдыдагы ондогон жылдар үчүн бекем экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн энергетикалык тармак зарыл деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG